АТТАНЫП ТҮШҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Иштин жөнүн жакшы билүү, колунан келүү, аткара алуу, мыкты адистигин көрсөтүү. Мен сизге айтпадым беле, Тооке, андай ишке мен аттанып түшөмүн, профессионалмын деп (Кыдырмышев). Өңгөсүн билбейм, малдын оорусуна аттанып түшөт (Байтемиров). Бирок сынган тектикти дал өзүндөй жөндөшкө аттанып түштү (Ашымбаев).